Жентек той что это
Жентек тойдун өзгөчөлүгү
Просмотр содержимого документа
«Жентек тойдун өзгөчөлүгү»
Кыргыз адабият \7-класс\2-чейрек\ 1-сабак___________________________________
Когнитивдик: кыргыз элинин улуттук каада- салттары боюнча анын ичинде “Жентек” той боюнча билимдерди алышат.
-кыргыздын улуттук каада- салтарын билишсе;
Социо-маданий: жентек тойдун тарбиялык маани-маңызын түшүнүшөт.
-жентек тойдун баланын келечегине тийгизген таасирлери жөнүндө түшүнүшсө;
Кептик: жентек тойду өткөрүүнүн эрежелерин үйрөнүшөт.
-кыргыздын улуттук каада-салттары жөнүндө ой жүгүртө алышса.
Лингвистикалык минимундар: жентек той, каада-салт, үрп-адат, сүйүнчү
Сабактын тиби: жаңы материалды анализдөө
Колдонулуучу методдор: аңгемелешүү, суроо-жооп, дискуссия
Окуу иш-аракетин уюштуруунун формалары: жекече, жуптар менен иштөө
Сабактын жабдылышы: проектор, экран
Дидактикалык материалдар: слайд, окуу китеби, таркатмалар
1)Уюштуруу (5 мүнөт). Синоним, антоним, омоним, макал-лакаптарды чынжырча оюну аркылуу окуучулардан билгендери боюнча сурап, билбегендерин мугалим толуктайт.
Сылыктыктын белгиси алыш-бериш,
Чөйчөктөн төө сугаргандай
Карын-адамдын карыны, карын тууган
Май-мезгил, жей турган тамак.
2)Үй тапшырмасын суроо(5-мүнөт)
Өтүлгөн темаларды кайталоо
3)Жаңы тема. (10 мүнөт)
1)Окуучулар менен иштөө (12 мүнөт)
Окуучулар берилген сценарийди бөлүп алып аткарышып көрүшөт.
Кыргыздар балдардын төрөлүүсүн өзгөчө чоң кубаныч менен тосуп алган. Ошол кубанычтын бир белгиси – жентек берүү, же жентек тою. Бул той жаңы төрөлгөн бөбөктүн ата-энесинин үйүндө, же атайын тигилген боз үйдө, айрым учурда андай шарттар жок болсо чакан кафелерде өтөт. Тойго баланын чоң ата-чоң энелери жана алар менен бир туугандар, ата-энеси жана алар менен бир туугандар, ата-энесинин достору, жакшы санаалаштары, анан таята-таянеси балдары менен чакырылат.
Меймандардын колуна суу куюлат. Алар суу куйган, сүлгү сунган балдарга баталарын берип, алкоолорун айтып турат.
Меймандарды наристенинин чоң ата-чоң энеси тосуп турат.
Келгендер мындай деп киришет:
— Бешик бооңор бек болсун!
— Бакты-таалайын кошо берсин! ж.б.
Меймандарды тосуп турган баланын чоң ата-чоң энелери мындай сөздөр менен жооп берип турат:
— Сиздер менен бирге болсун! ж.б.
Наристенин атасы келген эркектер менен кучакташып, аялдар менен баш ийкешип, же кол беришип учурашат:
— Келиңиздер! Келиңиздер! Кош келиңиздер! Жакшы келип алдыңыздарбы? Төргө өтүңүздөр! ж.б.
(Жентекке келгендер мал алып келген, балага деп кийим-кече, үйгө деп туш кийиз, шырдак, килем алып келген. Ошолорун тапшырып өтөт. Көрүндүк бергендер же көрүндүгүнө мал-сал айтып келгендер да жаңы төрөлгөн наристени көрсөткүлө дебейт, үстүнө үйрүлүп түшпөйт, жабууларын ачпайт, жөн гана алыстан туруп «өмүрлүү болсун», «жаманыңар жакшы болсун» деген сыяктуу алкоолорун айтып коюшат).
(Меймандар жайланышып отурат).
Тойчуман (Тамада, же алып баруучу, анын сөзүн болжолдуу берип жатабыз, алар ар кимиси өз дараметине жараша сөз ылгап, сөз тандап сүйлөшөт): Арбаңыздар, азиз туугандар, кадырлуу жентек тойго алыс-жакындан келгендер. Бүгүн биздин бул жерге келгенибиз – баарыбыздын кубанычыбыз. Кыргызга дагы бир уул кошулуп, учугубуз узарып, уучубуз толуп отурат. Дүйнөдө наристенинин үнүнөн өткөн бактылуу үн жоктур. Мына ушундай бакытка балкып турган үй-бүлөнүн бактысына ортоктош болуп отурабыз. Анда эмесе, дагы бир жолу жентек тойго кош келиңиздер!
(Төкмө акын же ырчы, болбосо тойчуман баланын төрөлүшү тууралуу ырдайт).
Тойчуман: Кадырлуу коноктор, жаңы төрөлгөн баланы өзүбүзгө кошуу үчүн эң биринчи ага ысым коюшубуз керек. Элдик жөрөлгөлөр боюнча калк коргогон баатырлардын, сөз билген чечендердин, элди эл менен жараштырган элчилердин, жез таңдай акындардын аты муундан муунга мурасталып өтүп келген. Кыргыздар эзелтеден наристеге атактуу кишинин атын койгон болсо, баласына ошол кишинин өмүрүн өрнөк, жашоосун үлгү кылган, арбактарын сыйлашкан, «сага паландай кишинин атын бергенбиз, сен ошондой болушуң керек» деп тарбиялашкан. Кыргыздар баатыр болор баланын төрөлүшүн, ага ылайыктуу ысым коюуну өзгөчө карашкан. Элибизде адамга коюлган ат менен ошол адамдын тагдыры, келечеги чечилет дешкен. Биз, ушул тургандар, бүгүн ат коюу аземине атайын күбө катары чакырылдык. Анда ат коюу үчүн баланы алып келиңиздер (баланы чүргөөдөн чечпей чоң энеси, же таянеси, алары жок болсо ошолордун ордун баса тургандар алып келишет). Баланы ат коюу учурунда наристени чоң атасы, же атасынын улуу бир тууганы этегине салып отурсун (бул жөрөлгө аткарылат). Анда азанчыны чакырабыз (Азанчы катары айылдагы атайын белгилүү азанчы же молдо, бир топ учурда баланын чоң атасы келет).
(Азан айткан адам аруу жуунуп, даарат алып, адалданып, кыбыланы карап, кулак какты кылып, тегерек-чет уга тургандай кылып үн чыгарган).
Алло-о акпар, алло-о акпар, алло-о акпар,
Алпейим дайым сактаар.
Теңирим адам берди,
Ааламга адам келди.
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди.
Кең пейилге перзент берди,
Касиети бассын жерди.
Берекеси баксын элди.
Көлөкөсү тапсын шерди.
Азан айтып, атын коём,
Теңир берген затын коём.
Уул болсо жоодон сактаар,
Эне эмизген сүтүн актаар.
Атаандашпай малын багаар,
Жерин айдап, нанын табаар.
Атасынын мээнети кайтаар,
Алдына дулдул тартаар.
Кыз болсо – кырк жылкы,
Кийиз жасап, үйүн жабаар.
Энесинин ишин алаар,
Гүлдөй гүлдөп сайма саяр.
Уул бекен, кыз бекен,
Ааламга адам келди.
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Арыштаар кадам келди.
Теңир берген затын коём,
Жарыя айтам, жалпыңа,
Айыл, калаа, сүйүнчү!
Аты болсун ………! (азандын башка варианттары да колдонула берет)
(Анан баланын кулагына анын атын үч жолу шыбырап айтат).
Тойчумун: Мына, туугандар, баланын аты коюлду. Сиздер эми аны Туюкбай дебей, … деп атайсыңар. Ушул ат менен бул бала ырасмый түрдө киши аталып, өз аты менен башка адамдардын, демек, биздин саныбызга кошулду. Баланы энесине бериңиздер. Эми айыл аксакалы бата берсе…
Аксакал (же Этнопедагог): Мына урматтуу коноктор, баланын атын күбөлөрдүн көзүнчө үч жолу атоо менен мыйзамдаштырдык, байыркы замандардан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, ат берилгендигин тастыктаган документи да ушул азан айтып ат берүү болгон. Кыргыздарда балага ылайыктуу ат коюу – ата-энесинин бир парызы катары эсептелген жана ошол койгон аттары үчүн алар баласынын алдында өмүр бою жооптуу болгон. Кыргыз эли үчүн баланын ысымы – ага энчиленген жеке байлыгы, өмүр тагдыры. Ал ата менен эненин балага берген эң биринчи сыйы, ал ысымга эне сүтү менен ата мээрими кошулат. Наристенин эң биринчи энчиленген аты элдик салт боюнча өзгөртүлбөйт, эгерде ар кандай шарттардан улам өзгөрүп кетсе да, анын өлүмүндө окулган жаназасында, бата кылганда азан чакыргандагы аты менен аталат, баштапкы эң биринчи ысымы менен оо дүйнөгө узатылат. Жакшы ат ыйгаруу – баланын бактысы жана эл ичине кошулушунун башаты. Бүгүн балага коюлган ысымы ага жана анын ата-энесине кут болсун, ушул бала ушул ысымына чаң жугузбай, атак-даңк жугузсун! Оомийин!
Тойчумун: Ырахмат! Жакшы сөзүңүз – жаштардын кулагына күмүш сырга! Ордуңузга отура коюңуз. Эми дасторконду бир караңыздар, байыртадан келе жаткан кыргыз даамдары: боорсок, каттама, жупка, курут, эжигей, сары май, куйрук май, кымыз, атала, жарма ж.б. даамдар, суусундуктар, таттуулар. Дасторконду ачып берүү үчүн сөз чоң атага берилет.
Чоң ата: Кадырлуу туугандар, куда-сөөктөр, аяш уул, аяш кыздарым, жалпы бүгүнкү биздин неберебиздин тоюна катышып отургандар, баарыңарды жентек тойго кош келгиле деп айтамын. Биздин үйдө наристенин чыңырышын, ушунтип азан айтылып, жентек берилишин көптөн бери күтүп келебиз. Биздин ниет-тилек ишке ашып, минтип наристебизге арнап той берип, сиздерден бата алалы деп турабыз. Илгери меймандар келгенде алардын батасын алып мал муздалат эле, азыр эми шартка байланыштуу сиздердин келишиңиздерге деп малыбызды муздап, анын этин бышырып, даярдап турдук. Жигиттер балага багышталып жаңы союлган койдун куйрук боорун (же быжысын, же олобосун) дасторконго алып келиңиздер (Дасторконго жаңы даамдар келе баштайт, чоң ата бата сөзүн айтат)
Төрөлөр менен тең болсун.
Пейли терең, кең болсун.
Элине аркак бел болсун.
Өрүшүнө мал толсун!
Өзүнөн туулган балдары,
Жеке-жеке эл болсун!
(баары алакан жайып жүзүнө бата тартат)
Эми дасторконго коюлган даамдарга караңыздар!
Тойчуман: Ырахмат! Чоң атага ырахмат! Дүйүм даамга толгон дасторкон сиздер үчүн, наристе үчүн. Той ээлери тоё жеп, балага батаңыздарды берип кетсе деген тилек менен ушул дасторкон жайылды. Алыңыздар! Сиздер үчүн ырчы…. «Дасторкон» деген ырды аткарып берет. Сөзү Эгемберди Эрматовдуку, обону Аскер Карыбаевдики.
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ат дасторкон,
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Дасторконго жык толгон… (же башка ыр ырдалат).
Тойчуман: Ырахмат. Маанайды көтөрүп, тойдун шаңына шаң кошкон ыр үчүн ырахмат! Неберенин туулушу чоң эне үчүн өзгөчө кубаныч, өзгөчө майрам. Чоң эне бүгүн сүйлөбөгөндө качан сүйлөйт? Келиңиз, чоң эне, ак батаңызды бериңиз.
Чоң эне: Айланайын меймандарым, биздин жакшы күнүбүздүн, кубанычыбыздын күбөлөрү. Тойго кош келиңиздер. Ушул наристенин жарык дүйнөгө аман келишин бир жылдан ашык убакыттан бери күтөбүз. Келиним толгоо тартса мен да толгоо тарткандай болдум. Биздин тукумубузду улаган ырыс-кешиктүү келинимдин башынан ак жоолугу түшпөй жүрсүн, келегой келиним (Келин ыйбаа менен жүгүнүп, кайын энесине келет, кайын энеси башына жоолук салып, бетинен өбөт, келин кетенчиктеп жылып кетет).
Тойчумун: Ырахмат! Чоң эне! Батаңыз кабыл болсун! Кыргызда бир накыл сөз бар «Кызы жүк көтөрсө, энесинин бели майышат» деген. Бизге наристе төрөп берген келин тогуз ай толгоо тарткандан бери түн уйкусун бөлгөн ….нын таятасы менен таянеси. Алар менен кошо келген таекелери, таежелери. Жигиттин пири силерсиңер. Бүгүнкү тойдун кадырлуу коноктору да сиздерсиздер. Сөз – силерде.
Таята: Урматтуу куда-кудагый, кудалар, балам-кызым, жентек тоюңар куттуу болсун!
Наристенин боосу бек болсун,
Ата-энесине шерик болсун
Азамат болуп эр жетсин,
Аксакал болуп төргө өтсүн.
Азамат болсун көрктүү,
Өмүрү болсун бөрктүү,
Арты болсун шериктүү.
Оомийин! (Таятага кошулуп отургандар бүт бата кылышат).
Таене: Кызымдын бели тез катсын деп көз майымды коротуп саймалап, түрлөнтүп белдемчи тиктим эле, кийгизип койсом (Келин ыйбаа менен энесине келет, энеси кызынын башына жоолук салып, белине белдемчи тагат). (Баласы тун бала болсо энеси төрөгөн келиндин эки өрүм чачынын учуна чач учтук тагып, элечек кийгизген). Ак жолтой болдуң, кызым, кайын журтуң менен камырдай бол, күйөөң менен тең арып, тең карыгын. Урматтуу Тойчуман, уруксат берсеңиз, биз өз жөрөлгөбүздү кылсак…
Тойчуман: Уруксат, уруксат!
Таяне: Карын май менен талканды алып келгиле! (карын май менен талкан алып келишет)
Тойчуман: Улуу кыргыз элинин көөнө салты, мынакей! Жентек тойдун эң башкы белгиси – карындагы сары май бузуу салты. Мына карын май ушул күндү күтүп турган. Азыр буйруса жентек тойдун сары майына ырыскылаш болобуз. «Сары май турган жерге дарт турбайт» деп коюшат кыргыздар. Дасторкон үстүндө сары май турса, сөзсүз ооз тийиш керек, эгер сары майдан ооз тийбей калсаң ал «мендей саргарып кал» деп каргайт экен дешет. Келиңиздер, карын бузчу байбичелер, келиңиздер (Баланын чоң энеси жана дагы бир-эки байбиче чыгат да, сары май куюлган карынды бузат).
Байбиче, же чоң эне: (Карын майды ачып туруп эле) Наристени алып келгиле! (Баланы көтөрүп келишет, байбичелер сөөмөйүн майга салып, аны баланын оозуна алып барат)
Биссимилла ырахманы ырайым,
Оозуна май салып турган Умайым.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын.
Жети куйрук ашагын,
Жетимиш аша жашагын.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол!
(Сары май жана талкан идиштерге салынып, отургандарга таратылып берилет. Таене, таята, тайлары, байбичелер бүт ордуларына отурат. Баланы да алып кетишет).
Тойчумун: Сары май менен талканды эң биринчи чоң атасына бериңиздер. Анан аксакалдарга. Балабыздын өмүрү токчулук менен, барчылык менен коштолсун! Сары май кылганга саан уйлары, талкан кылганга эгин талаалары болсун! Зеңги бабам, Баба дыйкан пирлерибиз колдосун! Эзелтеден элибиз жентек тойдо «козу карын», «кой карын», «торпок карын» толо сары май бузушкан. Аларды ооз тийип жентек жегени келгендер бөлүп алып, үйлөрүнө алып кетип, жакшы тилек менен үйүндө калгандарга, коңшу-колоңдорго «силер да балалуу болгула» деп ооз тийгизген. Ошол салт бүгүн да сакталып жатат. Талканга сары май көөлөнүп, ушул баланын алгачкы тоюнунан ооз тийип жатканыңыздарда биздин тойду өнөр ээлери коштосун.
(Кыргыз салттары боюнча ыр ырдалат, же отургандардан ырдашат).
Тойчуман: Урматтуу коноктор, бүгүнкү жентек тоюубуздун оюндар бөлүгүнө келсек. (Айыл жеринде болсо, ат оюндары, күрөш, оодарыш, тыйын эңмей ж.б. улуттук оюндар ойнолот. Шаарда эки жаат болуп табышмак, макал-ылакап, жаңылмач айтышат, ыр-бий жарыштары болот).
Тойчуман: Урматтуу жентек тойдун күбөлөрү. Биздин наристебизди аластап, ысырык салганы Умай-Эне келатат! Умай-Эне, келиңиз! (Умай-Эне кирет. Түтөткөн ысырыгы бар).
Наристеге күлкү бер.
Күндүн жарыгын бер.
Эненин тилегин бер.
Акылмандын батасын бер.
Суунун тазалыгын бер.
Булбулдун үнүн бер.
Гүлдүн назигин бер.
Элинин тирегин бер.
Жолборстун жүрөгүн бер.
(Балага келип, ысырык салат)
Алас-алас, ар балээден калас!
Дүйнөгө келген береги жаш бөбөктүн,
Өмүрүн узун, өзүн бактылуу кыл!
Ата-энесин, эл-журтун эсен кыл!
Акыл-эстүү, элине керек уул кыл!
Кең пейил, акылман кыл!
Кедейге кайрымдуу, тууганга сүйкүмдүү кыл!
Бак-дөөлөт, ырыскысын бекем кыл!
Даражасын бийик, мингенин тулпар кыл!
Колунда кондурган шумкар кыл!
Алас-алас, ар балээден калас!
Жамандын көзүнөн, ушакчынын сөзүнөн сактасын!
Колдогонун кырк чилтен кыл!
Келген Кыдырды кетпес кыл!
Алас-алас, ар балээден калас!
Ооматы башынан кетпесин!
Дөөлөтү бийик болсун!
Алас-алас, ар балээден калас!
(Умай-Эне жалпы элди ысырыктап анан чыгып кетет).
(Баланын өз атасы болсо наристеге эл көзүнчө анчалык имерилбей, сыртта болгон, же той камын кылган, көп көрүнбөйт).
Тойчуман: Эми кадырлуу коноктор жентек тойдун шааниси кылып той ээлеринин оюндарга койгон белектерин берели. «Манас» дастанында:
Сегиз бээ союп жентекте,
Топтогон малдар союлуп,
Ачтын баары тоюнуп,
Ар түрлүү малдар союлуп, — деп, балага жентек берилиши кайрымдуулукту, соопчулукту, кубанычты билдирет, бардык мал, байлык баланын төрөлүшүнүн алдында эч нерсеге арзыбаган нерселер экендиги көрсөтүлөт. Жакып хан жентек той бергенде ар кандай улуттук оюндарды: көк бөрү, оодарыш, найза сайыш, тыйын эңмей, кыз куумай, жамбы атмай ж.б. уюштурат. Жар чакырып, анда мындай байгелерди коёт:
Баш байгеге саярым,
Беш жүз кызыл нарым бар.
Эки төөгө жүктөгөн,
Эндей алтын-зарым бар.
Беш жүз жылкы, бир миң кой,
Баш байгеде дагы бар!
А биздин жентек той ээлери да меймандарды куру койбостур. Сөз – калыстарда (Калыстар жеңүүчүлөрдү бир-бирден чакырып, аларды кайсыл өнөр боюнча кандайча жеңүүчү болгонун айтып, тиешелүү белектерди берет. Белекке комуз, ооз комуз, сыр аяк, баштык кап ж.б. улуттук буюмдар берилет. Сыйлык алгандарга арналып бир ыр ырдалат).
(Жеңил музыка же күү ойнолуп турат. Дасторкон этке бошотулуп, колго суу куюлат. Эт тартылат).
Аксакал (же Этнопедагог): Кыргыздар илгертеден жентекке союлган жандыктын моюнун таза мүлжүп, жипке тизип коюшкан – баланын моюну ошондо тез катыйт дешкен (таза мүлжүнгөн моюн келет). Муну баланын таежесине берели. Ал өз ырымын кылсын.
Дагы ушундан жентекке союлган малдын сөөктөрүн таза мүлжүп, мүлжүнгөн сөөктөрдү жерге көмгөн, бул Умай-Энеге курмандык, баланы коргоп жүрөт дешкен (таза мүлжүнгөн айрым сөөктөр келет). Бул сөөктөрдү таякелерине берели. Өз салтын кылсын. Ушул баланын жентек тоюнан кийин түгөл баарыбыз тушоо тоюна, сүннөт тоюна, андан соң үйлөнүү тоюна келели. Кийин ушул бала эр жеткенде «мен сенин жентегиңди жегенмин» деп мактанып жүрөлү.
Тойчуман: Ырахмат! Ырахмат! Чоң ата, таята баштаган аксакалдар бул жакка келип батаңыздарды бериңиздер. Баланын атасы кана? Кел, оомийин деңиз?!
Ага-тууган чогулуп келдиң,
Наристе бөбөккө бата бердиң
Алтын башы аман болсун
Ар балээден алыс болсун.
Бак-дөөлөтү тоодой болсун!
Байтеректей бийик болсун
Жоолашканга коргон болсун
Жол баштаган көсөм болсун
Үшүгөнгө күн болсун
Ысыганга жел болсун
Душманына кылыч болсун
Эли-журтуна ырыс болсун!
(Баары бата кылышат. Эң алды баланы алып чыгышат. Башкалар бир-бирден үй ээлери менен коштошуп чыгып кетишет).
Силер мурда жентек тойго катыштыңар беле?
Жентек тоюн кайсыл учурда берет?
Сүйүнчү деген эмне жана кайсыл учурда айтылат?
Жентек үчүн кошуналар, туугандар кандай даярданышат?
Үйдү аластоонунун мааниси?
Бүгүнкү сабактан кандай маалымат алдыңар?
Сабакта эмнеден кыйналдыңар?
Эртеңки сабакты эмнелерди күтөсүңөр?
Жентек тууралуу жакындарыңардан сурагыла.
Сүйүнчү, бешикке бөлөө, кыркын чыгаруу, чачын алуу, тушоо кесүү тууралуу биле жүргүлө.
Кыргыз той Жентек той Билал и Милана 19 03 2021 Кыргыз той
02:59:49 236.65 MB 4K
Хамзанын Жентек тою 10 10 2021 Тойкана
02:34:49 203.75 MB 1.2K
Жентек той Чолпонай 27 07 19 часть 1
01:20:37 106.10 MB 6.5K
элмырза жентек той
02:22:58 188.15 MB 2.3K
Айлин Жентек той 29 06 19 часть 1
01:19:07 104.12 MB 5.1K
Умар Жентек Тою МОСКВА ШААРЫ 2020
02:42:53 214.37 MB 1.8K
Жентек той 25 06 2021
02:27:39 194.32 MB 535
Москва 22 08 2021 жентек той Кафе Чинар
03:44:36 295.59 MB 452
Айнура Асанова уулуна жентек той берип жолдошун көрсөттү Кызыктарга бай тойдон репортаж
11:25 15.03 MB 401.7K
Жентек той и Суннот той 03 10 20
03:04:39 243.01 MB 3K
03:14:24 255.84 MB 198
ДАНИЯР ЭРМАТОВ КЫЗЫ РАНИЯГА ЧАКАН ЖЕНТЕК ТОЙ ӨТКӨРҮП БЕШИКЕ БӨЛӨШТҮ ЭЛДИ КӨП ЧАКЫРГАН ЖОК
Жентек той АЙСУ 07 02 2021
02:17:27 180.89 MB 79
Жентек той Алымбек Иманбек уулу 07 01 21
02:09:37 170.58 MB 1.1K
Жентек той Айбек кызы Уулжан 19 09 20
01:39:03 130.36 MB 1.7K
Суннот той жентек той 1 болум
Алинур жентек той 2017
ТОЙ МОСКВА ЖЕНТЕК ТОЙ 13 МАРТ 2021
02:49:37 223.23 MB 637
03:37:22 286.07 MB 1.4K
Аваз менен Айдана ТОЙ берди Кызы Ариананын жентек ТОЮ
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ НЕБЕРЕСИНЕ ЖЕНТЕК ТОЙ БЕРДИ
Бешик той 05 февраль 2018 ж
01:31:16 120.11 MB 12.1K
Жентек той 05 06 2021
02:28:31 195.46 MB 112
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызына жентек берди Тойдон репортаж
17:37 23.18 MB 640.5K
жентек той Москва1
01:30:21 118.91 MB 45
Идиристин жентек тою 02 10 20
02:27:27 194.05 MB 229
Жентек той Майрамбек кызы Амина 21 12 18 часть 1
02:35:03 204.06 MB 152
Жентек той 05 10 2019
01:16:19 100.44 MB 797
Үй той жана Шерадилдин жентек тою 09 08 20
02:57:12 233.21 MB 129
ЖЕНТЕК ТОЙ 21 11 2021
Ырчы Омар уулуна жентек той кызына тушоо той берди
Камчыбек Ташиев небересине жээнтек той берди
09:16 12.20 MB 110.4K
Жентек той Даян Диск 3 NEW
01:01:21 80.74 MB 1.1K
Амир жана Абубакир жентек той 20 11 2021
02:26:03 192.21 MB 306
02:02:11 160.80 MB 219
Тамада Асанбеков Тилек 0708088001 Ресторан Заман жентек той
Жентек той Талант 1 болук
Жентек той исхактын
Усман Жентек той 1
01:41:43 133.87 MB 723
60 ЖАШ ЮБИЛЕЙ ЖЕНТЕК ТОЙ 24 10 2021Ж ХАН ОРДО ТОЙКАНАСЫ
04:18:10 339.77 MB 3K
02:46:35 219.24 MB 82
Жентек той Ыйман часть 2 11 02 18
01:16:39 100.88 MB 36
Жентек Той 15 01 19
Жентек той Ханбийке Авазбек кызы Диск 2
Жентек той Ханбийке Авазбек кызы Диск 1
01:02:12 81.86 MB 2.4K
жентек той элдияр 1 кун
03:28:50 274.84 MB 52
Для вашего поискового запроса Жентек Той мы нашли 50 песен, соответствующие вашему запросу. Теперь мы рекомендуем загрузить первый результат Кыргыз той Жентек той Билал и Милана 19 03 2021 Кыргыз той который загружен Кыргыз Той размером 236.65 MB, длительностью 2 ч, 59 мин и 49 сек и битрейтом 192 Kbps.
Слушают сейчас
Tu Esti Jumatatea Mea
Интенсивный Курс Для Микро Лимитчиков Покер Про 2019
Мадина Манапова Аварская Песня
Happy Wheels Victory Sound Earrape
E Rotic Все Альбомы Mp3
Lost Umbrella Remix
Mc Brankim Quarteto Maloka 1 Maloqueiro Conquistando
Dj Jéh Du 9 Foi Foda
Ласковый Май Юрий Шатунов Седая Ночь 1988
Brawlhalla Menu Brawlhalla Ost
Музыка Из Сериала На Твоей Стороне
Cj Borika Daft Punk Veridis Quo Original Mix
Сен Менен Таштак Жолдо Баратсамда Сезилет Кол Устундо Бараткандай
Ай Со Ю Вокэн Энд Ю Вей
Simulation Between Somachine Basic And Vijeo Designer Basic 1 1 Schneider
Новогодние Аба Нарру
Fildan Da Lesti Da Bikin Merinding Berduet Dalam Sajadah Cinta Lida 2019
На Часах Ноль Ноль Караоке
Пять Ночей С Сиськами Five Nights In Anime
Midnight Drives Stereo Zaalima
Зарубежный Рок Для Тренировок
Piano Concerto No 1 In D Major Op 17 Allegro Con Fuoco
Banana Multfilim 3 Qisim
Платье И Водолазка
Хули Ты Смотришь Нету У Меня Денег
Комуз Ырлар Жыйнагы
Новогодний Корпоратив Сборник
Назирам Мирланбек Давлатов
England Facepack Pes 19 Psp Ps2
Цыганская Песня Шарабан Новая 2020
С Добрым Утром Хорошего Дня Красивейшая Песня Только Послушайте Доброго Утречка
Friday Night Funkin Vs Mecha Turbo Preview
Шафл На Каблуках Танцует Красавица Цинцин Qingqing
Top 3 Meme Это Только Только Между Нами Gacha Life
Mr Credo Плачет Азия Re Make Up 2002
Таймер Обратный Отсчет 1 Минута Timer Countdown 1 Minute
Сергей Минаев В Рекламе Хопёр Инвест 1
Геранд Клип Про Российскую Империю
Самые Яркие Хиты Года 2018 Сборник Лучших Песен
Christmas Music Mix 2022 Christmas Party Mix 2022 Edm Christmas Songs Remix
Acraze Do It To It Ft Cherish
Настя Литвинович Полька Cover Текст Песни На Русском
Невестка Юрки Бешенного
Безумный Аниматроник Солнце И Луна Fnaf Security Breach 3 Фнаф Секьюрити Брич
Happy Birthday Russian Version
Instasamka Lipsi Ha Без Мата Липси Ха Без Мата Инстасамка Без Мата
Sonya Feat Artik Мой Рай Evan Lake Avero Remix